Бишкекте мас айдоочу "Тазалыктын" кызматкерин сүзүп, жабырлануучу алган жаракатынан улам каза болду. Бул туурасында Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.
Окуя бүгүн, 18-декабрга караган түнү саат 01:20 чамасында Масалиев көчөсүндө катталды.
"1976-жылы туулган Т.Н. Хонда СРВ үлгүсүндөгү унаасы менен бара жатып 1960-жылы туулган Т.Ш. аттуу жаранды сүзүп алган. Жабырлануучу "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкери, ал алган жаракатынан улам каза болду. Айдоочунун мас экени наркологиялык борбордон аныкталды. Унаа айып короосуна токтотулду, тиешелүү экспертизалар дайындалып, кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда", - дешти кайгуул кызматынан.
Белгилей кетсек, өткөн аптада "Тазалыктын" жумушчусу айдоочунун колунан каза болгон. Тагыраагы, 12-декабрда эртең менен саат 06:45 чамасында Жибек Жолу жана Осмонкул көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде катталган. Анда Mazda унаасынын айдоочусу жолдогу "Тазалык" ишканасынын кызматкерин сүзүп кеткен. Жаракат алган жаран ооруканага жетпей каза болгон.
Кылмышка шектелип Mazda унаасынын 23 жаштагы айдоочусу кармалганын милициянын кайгуул кызматынан маалымдашкан. Бишкек шаардык мэриясы маркумдун үй-бүлөсүнө мэриянын фондунан 50 миң сом жардам берилерин, андан тышкары Эмгек кодексине ылайык тиешелүү кенемте төлөнөрүн калаа башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашкан.