Бүгүн, 19-декабрга карата өлкө боюнча COVID-19 жана пневмония менен дагы 32 адам жабыркап жатканы аныкталды. Акыркы суткада Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарында коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандар катталбаганын Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдашты.
Соңку суткада аныкталды:
Бишкек шаары – 20;
Чүй облусу – 1;
Ош облусу – 1;
Жалал-Абад облусу – 7;
Баткен облусу – 3.
Коронавирус илдети Кыргыз өлкөсүндө катталган күндөн тарта бүгүнкү күнгө чейин жалпы 184 миң 195 адам жабыркады.