"Мегаком", "Кыргыз темир жолун" мисал кылып... Садыр Жапаров коррупция менен активдүү күрөш болуп жатканын айтты

Өлкө башчы Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында бир катар объекттерге барып, эл менен жолугушууларды өткөрүүдө. Бүгүн, 19-декабрда ал Сузак районунун тургундары менен жолугушуу учурунда коррупция менен күрөшүү активдүү жүрүп жатканына токтолду.

"
Президент быйылкы жылдагы таза кирешеси 1,5 миллиард сомду түзгөн "Мегаком" мамлекеттик ишканасын мисал келтирди. Салыштыра кетсек, мурда анын таза кирешеси 2-3 миллиард сом болсо, 2-3 жылдан кийин 500 миллионго чейин түшүп калган. Жаңы жетекчи алдына компаниянын кирешесин кеминде 1 жарым миллиард сомго жеткирүү коюлуп, болбосо кылмыш жоопкерчилигине тартылары эскертилген. Жыйынтык бар, ага ылайык, буга чейин демек уурдап келишкен.
Ал эми "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы мурда чыгаша менен иштечү, азыр таза кирешеси 1 миллиард 600 миллион сомду түзөт. Жаңы жетекчи келип, ишкананы модернизациялоону колго алды.
Ушундай эле абал "Кыргыз Петролеум Компани" заводунун ишмердигинде болгон. Алсак, 2020-жылы завод 47 миллион сомго зыян тарткан болсо, быйыл ишкананын таза кирешеси 160 миллион сомду түздү", - дешет президенттик администрациядан.
Мындан тышкары Садыр Жапаров "Кумтөргө" байланыштуу маселеге кеңири токтолуп, ишкана учурда толугу менен кыргыз элинин жыргалчылыгы үчүн иштеп жатканын белгиледи.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан