"Балдарым чоң атасыз өсүп жатат". Эдил Байсалов Сеид Атамбаевдин билдирүүсүнө жооп кайтарды

Кечээ Сеид Атамбаев социалдык тармактагы баракчасына балдарынын сүрөтүн жүктөп, "Менин дагы балдарым чоң атасыз өсүп жатат. Демек, анын мээрими, камкордугу жок чоңоюп жатышат. Чындыгында сагынышат" деген билдирүү жазып калтырган.

Ага жооп катары министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов социалдык тармактагы баракчасына төмөнкүдөй билдирүү калтырган.

"Кой-Таш окуясында каза болгон полковник Үсөнбек Ниязбековдун 6 баласы кандай сагынып жатат? Урматтуу депутат Сеид Атамбаев, балдарыңызга чоң атасы эмне үчүн абакта отурганын жана офицерди атуу чоң кылмыш экенин түшүндүрүшүңүз керек", - деп жазып калтырган Байсалов.

Белгилей кетсек, 2019-жылдын 7-августунда Кой-Ташта Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция учурунда УКМКнын ”Альфа” атайын бөлүгүнүн командиринин орун басары Үсөнбек Ниязбековго ок тийип жарадар болгон. Ага чукул операция жасалганына карабай, алган жаракатынан улам каза болгон.

47 жаштагы аскер кызматкеринин артында 6 баласы калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
CAPATAH
2021-12-20 10:05:32
Туура жооп.
+33
rahat73.
2021-12-20 10:36:29
Эдил өтө тантык сөз менен жооп берипсин өзүн кызматтагы адамсың
-32
nargiz-sa
2021-12-20 10:43:29
Атамбаев отурганына укуктук баа бере албайм, күнөөсү бар экен отурса керек. Бирок мына Эдил Байсалов мамлекеттик кызматкердмн этикасын билет бекен? Бийликтин адвокаты эле болуп алды го башка эле бирөө үчүн жооп берип
+7
bond02
2021-12-20 11:47:13
Эдил сенин паспортунда жынысы деген жерине эркек деп жазылган да ээ, бирок сен кызматка келгенден бери эркекке окшобойсун. Подхалимчиликти укмуш кылат экенсин.
-10
IOA
2021-12-20 13:54:24
Туура эле жооп бериптир
+12
prorab
2021-12-20 17:52:19
Эдил мырза абдан туура жооп бериптир.
+8
alimbek94
2021-12-20 18:32:27
Эдил байласов өзү ким экен. Бул дагы Садыр менен Ташиевтин кошоматчысы.
-5
Shbdn
2021-12-20 21:23:51
Ошол Атамбаевтин айынан канча жаш балдар Оз ата Оз энесинин мээримин эмес жузун тааныбай жашап калды Кыргызстанды сазга батырып Элин мигрант кылып таллаалаткан ошол Сенин атан билсен Эми Сенин балдарын чонойо берсин чон атасынын кылмышкер Эл душманы экенин билип.
+2
rahat73.
2021-12-20 22:51:27
Shbdn,элди мигрант кылган Атамбаев эмес мигранттарга кенен жүрүү үчүн шарт түзгөн Атамбаев .кыргызды сазга батырып дейсиң билип билбей жазба да
+2
Aimani
2021-12-20 22:59:05
Кой ташта атышуу болбойт эле эгер Сооронбай нормальный болсо. Сүйлөшүү жолун тандашы керек эле
+1
mbmur
2021-12-20 23:56:59
Aimani,Суйлошууго конбой койгон тоюс амбицясын тыйбай койгон.Бул жол Шариманыч тарабынан акыркы жол болгон.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан