Бүгүн, 20-декабрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Айнура Аскарова Бишкек шаарына Өзбекстандан келген автобустар тууралуу суроо берди.
"Өзбекстандан келген автобустар боюнча шаардыктар нааразычылыктарын айтышууда. Сапатына, ыңгайлуулугуна нааразы болуп жатышат. Ушул автобустардын канчасы иштеп, канчасы иштебей турат?", - деп сурады Аскарова.
Бишкек шаарынын вице-мэри Таалайбек Орозов: "Бул автобустар менчик фирма менен келген. Жалпы 210 автобус келген. Ошонун арасында 110у иштеп жатат, калганы айдоочу жок болгондуктан иштетилбей турат. Анткени айдоочулардын айлыгы аз. 2019-жылга чейин 4 миңдей маршруттук такси жүрчү. Азыр 1 жарым миң болуп жатат. Айдоочулардын көпчүлүгү Орусияга кетип калган", - дейт.