Бишкекте Темирязев жана Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишинде күйүүчү май сакталган жайдан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, күйүүчү май сакталган челектерден өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө ӨКМдан 5 бөлүм, 1 суу ташуучу унаа, штаб, ыкчам топ, Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу жана ИИМдин кызматкерлери тартылды.
Кошумча маалымат берилет.