Кыргыз өлкөсүнүн Азербайжандагы элчиси Кайрат Осмоналиевге катуу сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.
"Sputnik Азербайжандын пресс-борборундагы маалымат жыйынына шилтеме кылуу менен Кыргыз өлкөсүнүн Азербайжандагы элчиси Кайрат Осмоналиевдин “Кыргыз өлкөсү Орто Азия жана Кавказ өлкөлөрүнө Орусиядан өзүнчө жолугушууну сунуштады”, - деп бир катар ЖМКларга жарыяланган маалымат чындыкка дал келбейт жана чагымчыл мүнөзгө ээ.
Белгиленген маекте бул тууралуу сөз да болгон эмес.
Аны менен бирге ЖМКда бул сыяктуу бурмаланган чечмелөөгө жана ЖМКларда айың-кептерге жол берген, борбор менен макулдашылбаган билдирүүсү үчүн президент Садыр Жапаров Кайрат Осмоналиевге катуу сөгүш жарыялады", - деп жазылат билдирүүдө.
Маалымат жыйында Кайрат Осмоналиев "5+3" платформасын уюштуруу демилгеси сунушталганын билдирген.
"Бул Кыргыз өлкөсүнүн демилгеси. Демилге буга чейин президенттик администрациядан колдоо тапкан. “5+3” – бул Борбор Азиянын 5 өлкөсү менен Түштүк Кавказдын 3 өлкөсүнүн ар кандай багыттагы саясий-дипломатиялык, экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуусунун формуласы”, - деген ал.
Кайрат Осмоналиев Кыргыз өлкөсүнүн Азербайжандагы элчиси болуп 2021-жылдын июнь айында дайындалган.