Бишкектин Эркиндик жана Бөкөнбаев көчөлөрүндө онго жакын эркек киши бири-бирине ок чыгарышты. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 22-декабрь күнү саат 21:00 чамасында болгон.
Милициянын маалыматына караганда, окуянын катышуучулары милициянын бөлүмүнө алып келинген.
Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат. Кошумча маалымат берилерин маалымат кызматынан кабарлашты.