"Кара-Кече" көмүр филиалынан көмүр алуу кезегин күтүп жаткан айдоочулар менен кенди кайтарган "Альфа" бөлүмүнүн аскерлеринин ортосунда чыккан чыр жөнгө салынды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 22-декабрда жергиликтүү бийлик жана күч органдары тарабынан айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү учурунда айдоочулар атайын кызматтын кызматкерлеринин коопсуздукту сактоо ишин улантышын суранышты.
Учурда абал туруктуу, "Кара-Кече" көмүр филиалынан көмүр алуу иштери жүрүүдө. Азыркы тапта бул иш боюнча укук коргоо органдары жеринде иштеп жатат.
Буга чейин "Кара-Кечеде" көмүр ташыган айдоочулар менен кенди кайтарган "Альфа" бөлүмүнүн аскерлеринин ортосунда чыр чыкканы боюнча видеосу интернетке тараган.