Токмок шаарынын милициясы балдар үйүнө белектерди тапшырды

Чүйдүн Токмок шаарында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга белектер тапшырылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-декабрь күнү Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери Токмок шаарындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үйүндөгү тарбиялануучуларды келе жаткан жаңы жылы менен куттукташты.

Токмок ШИИБинин кызматкерлеринин демилгеси менен 10 миң сомго жакын каражатка бөбөктөр үчүн таттуулар жана башка белектер алынып, Жаңы жыл майрамына карата тапшырышты.

Кызматкерлер балдарды келе жаткан жаңы жыл майрамы менен куттукташып, аларга жылуу каалоо тилектерди айтышты. Токмок шаарындагы балдар үйүндө жалпысынан 50дөн ашуун балдар тарбияланышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан