"ПЦР тесттерди текшерүү күчөтүлөт". Эдил Байсалов ыкчам штабдын кезектеги кеңешмесин өткөрдү

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов ыкчам штабдын кезектеги кеңешмесин өткөрдү. Анда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин жана ведомствонун башка кызматкерлеринин маалыматын укту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө өлкөдөгү эпидемиологиялык абал туруктуу. Ошол эле учурда калкты, атап айтканда, кары-картаңдарды жана өнөкөт оорулары бар адамдарды эмдөөнүн көрсөткүчүн жогорулатуу зарылдыгы дагы бир ирет белгиленди.

Андан соң жыйындын катышуучулары omicron штаммынын өлкөгө кирүүсүнүн жана жайылышынын алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан чараларга байланыштуу бир катар маселелерди талкуулашты. Тактап айтканда, Кыргыз жарандарынын жана чет өлкөлүк жарандардын өлкөгө кирүүдө ПЦР маалымдамаларынын аныктыгын текшерүү боюнча чараларды күчөтүү тууралуу сөз болгон.

Мындан тышкары, Эдил Байсалов жарандардын вакцинанын бустердик дозасын алуу маселесин көтөрдү. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, ар бир жаран аталган дозаны өз алдынча тандап ала алат жана бүгүнкү күндө республикада вакциналардын жетиштүү запасы бар.

Эскерте кетсек, Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругуна ылайык, бустердик кошумча доза алгачкы эмдөөнүн толук курсу аяктагандан кийин кеминде алты айдан кийин алынышы керек. Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө республикага келген бардык адамдардын маалыматтарын каттоочу «Келүүчүнүн анкетасы» аталышындагы электрондук формасынын долбоору сунушталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан