Жалал-Абад облусунун Сузак районунда дайынсыз болуп, кийин жансыз денеси табылган Сумая Хосилжанованы өлтүрүүгө шектүү катары кармалган Сузак районунун тургуну1 973-жылы туулган У. А. бошотулду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Нурдин Жээнтаев билдирди.
"Психикалык жактан жабыркагандыгы анын жактоочусу тарабынан айтылып, буга чейин ооруп дарыланган тактамаларын көрсөткөн. Жактоочусу анын ар кайсыны сүйлөй берерин айтты. Ошонун негизинде соттук-психиатриялык экспертиза дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгы, анын берген көрсөтмөлөрү менен юридикалык баа берилет", - деди Жээнтаев.
Буга чейин Сумая Хосилжанованын атасы Уткирбек Сулайманов кылмышка шектелип кармалган адамды тааныбай тургандыгын ага байланышканыбызда билдирген.
Маалымат үчүн:
Сумая Хосилжанова 18-ноябрь күнү саат 12:40 чамасында мектепке кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан. Аны издөөгө 100дөн ашуун ыктыярчы тартылган.
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда дайынсыз болуп, 27-ноябрда жансыз денеси табылган Сумая Хосилжанованын өлүмү боюнча "киши өлтүрүү" беренеси менен иш козголду.
Сумаяны акыркы сапарга узатуу зыйнатына 10 миңден ашуун адам катышкан. Анын сөөгү Сузак айылынын Кайрагач мазарына жерге берилген.