Кримтөбөл "Женго" абактан чыкты

Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү, кримтөбөл Кадыр Досонов үй камагына чыкты. Бул тууралуу Ош облустук сотунун маалымат катчысы Айпери Туратбек кызы билдирди.

Маалыматка ылайык, 15-декабрда Досоновдун иши тергелип бүтүп, Кара-Суу райондук сотунун өндүрүшүнө алынган. 17-декабрда айыпталуучунун жактоочусу Досоновдун бөгөт чарасын карап, үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен сотко кайрылган. Сот аны канааттандырган.

Басма сөз кызматынын кабарлашынча, Досоновдун иши боюнча алгачкы отурум, 5-январга дайындалган.

Ушул жылдын 10-февралында Ички иштер министрлигинин органдары менен биргеликте Кадыр Досоновдун турган жерин аныктоо боюнча "перехват” планы жарыяланган. Андан соң Кадыр Досонов Ошто УКМКга өзү келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Dembele84
2021-12-24 13:27:23
Бандит и жегичтердин баары бошотулуп жатат.Бийликке жон эле сын айткан и жонокой таанышы жоктор канча жылдан бери камалып жатат.Чындык жок!
+8
KaGaH
2021-12-24 13:50:57
Сицилия
+4
bond02
2021-12-24 14:21:01
Чыкпай анан.
+1
Alinur96kg
2021-12-24 15:18:40
Спектакльдын канчанчы сериясы бул?Бир куну окусан абактан чыкты дейт,эртеси окусан камалды дейт.Анан эле кайра чыкты дешет.Тушунгон бироо жарым барбы?
0
Isken90
2021-12-24 16:27:07
Кармаганда 2 ай телевизордон коргозуп мактанат
0
Isken90
2021-12-24 16:27:23
Эки дос аман эле болгула
+2
KaGaH
2021-12-24 17:52:02
Кримтөбөл бул Камчыбек,Женго түштүктүн кароочусу!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан