"Кыргыз көмүр" ишканасы 10 Хово жана 1 Нива сатып алды (фото)

Бүгүн, 24-декабрда энергетика министри Доскул Бекмурзаев Кара-Кече көмүр кени үчүн сатылып алынган оор жүк ташуучу техниканын ачкычын айдоочуларга тапшырды. Бул тууралуу "Кыргыз көмүр" ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Кыргыз көмүр" ишканасы 10 даана Хово үлгүсүндөгү жана бир Нива үлгүсүндөгү техниканы тендер аркылуу сатып алган.

Министр Доскул Бекмурзаев техникалардын ачкычын айдоочуларга тапшырып жатып, элди көмүр менен камсыз кылып, өз убагында жеткирүү үчүн мындай техникалар зарыл экенин баса белгилеген.

"Биз буга чейин элди көмүр менен камсыз кылууда оор техникалардын жетишсиздигинен жеке айдоочуларга көз каранды болуп келгенбиз. Себеби "Кыргыз көмүр" ишканасынын өзүнүн Хово үлгүсүндөгү техникасы жок болчу. Мындан ары бул көйгөйдөн кутулабыз. Мына бүгүн 10 оор жүктөгү техниканы сатып алдык. Буюрса, алдыда дагы кошумча алабыз деген пландарыбыз бар", - деген министр.

Муну менен катар министр "Кара-Кечеден" жылына 800 миң тонна көмүр казылганын белгилеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ak_Bulut
2021-12-25 20:27:26
Молодцы, чёрный, биснесмендер эмес, мамлекеттик ишкана сатып алды. Колдойм
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан