Жалал-Абад облусунда 7 жаран "Хизбут-Тахрир" уюмунан баш тартты

Жалал-Абад облусунда 7 жаран "Хизбут-Тахрир" уюмунан баш тартты. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Жалал-Абад ОИИБинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан 20-23-декабрь күндөрү “Экстремист” аталышындагы профилактикалык иш-чара өткөрүлдү. Анын алкагында облус аймагында жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында, милициянын профилактикалык каттоосунда турган 7 жаран Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунан баш тартышты. Алардын ичинен 6 жаран Ноокен районунун, дагы бири Кара-Көл шаарынын тургуну. Алар буга чейинки кадамдары туура эмес экендиктерин айтышып, жарандарды ар кандай уюмдарга азгырылбоого чакырышты.

Иш-чара учурунда 5 факты аныкталып, 22 кылмыштын бети ачылган. Ошондой эле жыл башынан бери жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында 18 адам каттоодон чыгарылган. Бул жыйындарга укук коргоо жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын, бейөкмөт уюмдардын кызматкерлери, коомчулук катышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан