Тарых илимдеринин доктору, профессор Юлий Худяков каза болду

74 жашында окумуштуу, тарых илимдеринин доктору, профессор Юлий Худяков каза болду. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Илим чөйрөсүндөгү белгилүү ишмер, өз ишинин чыныгы устаты, илимий-билим чөйрөсүндө кадыр-баркка ээ Юрий Худяков 1947-жылы 8-декабрда Кемерово облусунун Крапивинский районундагы Медвежка айылында туулган.

"Ал бүт өмүрүн илимге жана кыргыздардын тарыхын изилдөөгө арнаган. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхына кошкон салымы үчүн Худяков Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары – III даражадагы “Манас” жана “Данакер” ордени менен сыйланган.

Юлий Худяковдун бүткүл өмүр жолу – өз ишин берилгендик менен аткаруунун жана талыкпас илимий изденүү менен талап кылынган жарандык парзын аткаруунун өрнөгү.

Юлий Худяков өзүнүн жогорку профессионалдуулугу, активдүүлүгү жана патриоттук позициясы үчүн урмат-сыйга ээ болду. Анын бул жашоодон кетиши илимий-педагогикалык коомчулук үчүн орду толгус оор жоготуу. Юлий Худяков кыргыз элинин эсинде кыргыз элинин улуу досу катары кала берет", - деп жазылат маалыматта.

Садыр Жапаров, Акылбек Жапаров, Аида Касымалиева, Нургул Бакирова, Роза Отунбаева, Сооронбай Жээнбеков, Сүйүнбек Касмамбетов, Эдил Байсалов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Antiradikal10
2021-12-25 16:07:53
Дагы бир залкар отту. Жаткан жери жайлуу болсун.....

Кыргызстанда шагырап тарыхчымын деген ошончо илимпоз, академик, окумуштуу тарыхчылардын баары биригип бул кишиче КЫРГЫЗ ТАРЫХЫНА салым кошо алышкан эмес.....

Кыргыз тарыхына чон салым кошкон чон илимпоз тарыхчы эле.......
+4
KaGaH
2021-12-25 21:27:06
Чыгаан кыргыз таануучу,улуу урматтуу Профессор Худяков!жаткан жериңиз жайлуу болсун!!
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан