Бүгүн, 25-декабрда президент Садыр Жапаров Чүй облусунун Чүй районундагы Жаңы-Жол айылында жайгашкан ата-энеси жок жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн Чүй мектеп-интернатынан кабар алды. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Мекемеде 5 жаштан 18 жашка чейинки 175 бала тарбияланат жана педагогикалык жамаатта 27 тарбиячы, мугалимдер иштейт.
Мамлекет башчы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп жаткан ашкананы жана мектепти көрүп, спорт залдын жана окуу бөлмөлөрүнүн абалы менен таанышып чыкты.
Иш сапардын жүрүшүндө мекеменин тарбиялануучулары да мамлекет башчысына өздөрүнүн чыгармачылык жана кол өнөрчүлүктөрүн көрсөтүштү. Президент Садыр Жапаров балдардын чыгармачылык иштерине баа берип, кол эмгектердин бирин сатып алды.
Мамлекет башчысы жыйындар залында мекеменин тарбиялануучуларын келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктап, балдарга белектерди тапшырды.
Андан кийин Садыр Жапаров мугалимдер жамааты менен жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн угуп, мамлекеттик органдарга тиешелүү тапшырмаларды берди.
Президент балдар биздин келечегибиз болгондуктан аларга өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.
Мамлекет башчысы мекеменин кызматкерлеринен эмгек шарты, маяналары тууралуу сурап, келерки жылы бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринин айлык маянасын жогорулатуу пландалып жатканын, анын ичинде бул аларга да таасирин тийгизерин белгиледи.
Келерки жылдын пландарына токтолуп, мамлекет башчысы кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган турнирди эске салды. Анын жыйынтыгында бардык катышуучулар бир добуштан 1 миллион сом байге фондун керектүү муктаждыктары үчүн бул мекемеге берүү чечимине келишкен.
Мамлекет башчысы ата-энеси жок жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар мектеп-интернатынын директору Назгүл Мусаевага 1 миллион сомдук сертификат тапшырып, мекемеге камкор жарандар сатып берген кичи автобустун ачкычын тапшырды.
Өз кезегинде аталган мекеменин директору Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирип, кичи футбол аянтчасын куруу пландалып жатканын жана түшкөн каражат ушул максаттарга жумшаларын билдирди.
"Өзүбүздүн футбол аянтчабыз болсо, Кудай буюрса, балдарыбызды чемпион кылабыз", - дейт ал.
Андан соң президент Садыр Жапаров мекеменин тарбиялануучулары үчүн камкорчу тарабынан курулуусу көздөлгөн көп батирлүү "Бакыт үйүнүн" пайдубалына капсула салды.