Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлөт. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 25-декабрда болжол менен саат 14:30 чамасында Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Сай жерлигинин тушундагы такталбаган аймакта Тажикстандын чек арачылары өздөрүнүн аймагындагы постко миномет орнотушкан. Кыргыз мамлекетинин Максат жана Дамба айылдарынын тушунда Тажикстандын аймагында кошумча тажик аскер кызматкерлеринин пайда болуусу байкалган.
Саат 19:40 чамасында Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун аймагындагы Көк-Таш айылынын Эки-Таш жерлигинде Тажикстандын жарандары Кыргыз жарандарынын болжол менен 4 автоунаасын таш бараңга алышкан. Жыйынтыгында автоунааларга зыян келтирилген, Кыргыз жарандары жабыркаган эмес.
Чыр-чатак орун алган жерге Кыргыз өлкөсүнүн Көк-Таш чек ара заставасынын башчысы келип эскертүү иретинде 3 жолу асманга ок аткандан кийин, Тажикстандын жарандары өздөрүнүн аймагына качып кирип кетишкен.
Чыр-чатак орун алгандан кийин дароо эле Кыргыз мамлекети менен Тажикстандын чек ара застава башчылары кырдаалды жөнгө салуу жана кошумча чек ара кезметтерин коюу максатында жолугушкан. Тажик тарап өз учурунда чыр-чатакка тиешеси бар адамдарды издөө жүргүзөөрүн билдирди.
Чыр-чатактын күчөп кетпөөсүн алдын алуу максатында жеринде Баткен чек ара отрядынын башчысы жана УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы иш алып барышууда.
Мамлекеттик чек аранын аталган аймагында жайгашкан чек арачылар күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өтүштү.
УКМКнын Чек ара кызматы аталган аймактагы кырдаалга байкоо жүргүзүп, көзөмөлгө алып турат.