Ош шаардык кеңеш Ош шаарын 2022-2025-жылдарда өнүктүрүү программасын бекитти. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Ош шаардык кеңешинин кезектеги сессиясына Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, депутаттар жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.
Анда Ош шаарын 2022-2025-жылдарда социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү үчүн “Келечекке татыктуу шаар” программасын бекитүү жөнүндө маселе каралып, шаар мэри Алмаз Мамбетов маалымат берди.
“Ош шаарынын мэриясы тарабынан иштелип чыгып, сиздерге сунушталып жаткан “Келечекке татыктуу шаар” программасы Ош шаарын 2022-2025-жылдарда социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы шаардын тургундарынын мүдөө-талаптарын эске алуу менен шаарды мындан ары өнүктүрүүнүн негизги багыттарын камтыйт.
Ошондой эле программа 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын, 2040-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашырууга да багытталган.
Программанын максаттары экономиканы өнүктүрүүгө жана инвестиция тартууга жагымдуу шарттарды түзүү, таза суу менен камсыздоону, коммуналдык чарбаны жакшыртуу жана бардык муниципалдык ишканаларды санариптештирүү, социалдык өнүгүүгө жагымдуу чөйрө түзүү.
Жалпы программаны каржылоого 17 миллиард 105,9 миллион сом акча каражаты жумшалат. Анын ичинен 1 миллиард 934,2 миллион сом жергиликтүү бюджеттен, 1 миллиард 248,3 миллион сом республикалык бюджеттен бөлүнөрү, бюджеттен тышкары ипотекалык жана өздүк каражаттар 1 миллиард 619,5 миллион сом болору, ал эми 12 миллиард 416,9 миллион сомдук инвестициялар тартылышы пландаштырылган”, - деди Мамбетов.
Шаардык кеңештин депутаттары бул маселени бир добуштан колдоп, Ош шаарын 2022-2025-жылдарда өнүктүрүү программасын бекитишти.