Ноокатта коронавирустан 80 жаштагы жаран каза болду

Ош облусунун Ноокат районунда коронавирустан 80 жаштагы дагы бир бейтап каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ал кечээ, 4-апрелде каза болгон.

"Ал коронавирусту чет өлкөдөн жуктуруп келип, дарыланып жаткан. Ага бардык тийиштүү чаралар колдонулган. Бирок кокустан анын абалы оорлоп, жүрөгү оорусу кармап каза болгон", - деп айтылат маалыматта.

3-апрелде Ош облусундагы Ноокат аймактык ооруканасында 61 жаштагы бейтап оорудан каза тапкан. Ал чет өлкөдөн келип, стационардык обсервацияда дарыланып жаткан. ПЦР-анализинин жыйынтыгы менен бейтапта COVID-19 инфекциясы бар экени тастыкталган. Ал эми анын сөөгүн жерге берүүгө 5-6 киши гана катышкан.


Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
Muratsatybaldiev
2020-04-05 14:04:04
Кудай сактасын эми. Бизге коншу айылдан экен эле.
+13
jasi
2020-04-05 14:12:56
Muratsatybaldiev,кайсы айыл экен?
+4
bessmertiy
2020-04-05 14:15:59
Muratsatybaldiev, Жаңы-Ноокаттанбы?
+4
sher90kgz
2020-04-05 14:09:23
Жакшы эле жашаптыр.
+9
States
2020-04-05 15:20:14
sher90kgz, 80 жаш мен жашаган мамлекетте орточо жашап олгондорго кирет . Бул жакта адамдар спокойно 90 же 100 чыгып жашашат . Анан тан калганым 80 жаштагылар 60 жаштагылардай журушот . Анткени аларда туйшук жок . Балам эмне болот эртен эмне болом деп кайгырышпайт. Мамлекет бай система Жакшы орнотулган
-2
Omar.
2020-04-05 16:42:58
States, кайсы жакты айтып жатасың, ал мамлекеттин бул жерде кандай тишешеси бар?
-2
Nur777
2020-04-05 19:24:05
Omar.,обязательно тиешеси болуш керекпи? Просто биздин олкодо Кыргызстанда жашоо-турмуш начар,кыйын,ошого адамдар тез картаят,картан корунот,туйшук коп деген мааниде жазыптыр..не болду созго тушунбой?!
+3
Avrora2017
2020-04-05 21:21:48
Nur777,tuura
0
asanaliev.s
2020-04-05 14:14:54
Аллах бейишинен берсин.Окунучтуусу балдары топурак сала албаганы журокту оорутат.
+16
J1irg
2020-04-05 14:19:03
Оо Жараткан Тенирим жаткан жерин жай кылсын. Кыргыз элиимди Тенирим колдосун. Бар болсун кыргыз элим.
-38
chynara-84
2020-04-05 14:29:45
Короновирустанбы же журогу кармап каза болгонбу, бироосун жазсанар?
-5
muras111211
2020-04-05 14:42:50
chynara-84,жазылып эле турат го.коронавирус жуктурганы аныкталып дарыланып жаткан.
Кокустан жүрөгү кармап каза болуптур.
+9
tina-Tin
2020-04-05 14:59:24
chynara-84, Бул вирус онокот ооруларды кучотуп жиберет деп айтып эле жататго.
+9
Aikaaaa
2020-04-05 15:08:14
Эми бул каза болгонду кантип танабыз? Оору жок, калп дегендер...
Оору башталалекте ооруну жашырып атышат, кантип эле ооруган киши жок болсун деп аттык эле. Эми оору башталып, ал тургай өлүм болуп атса да оору жок, ооруган жокпуз, калп эле жаткырып атышат, бул саясат деп баштадык. Андан көрө бизди эшике чык, оору жуксун дешсе, ошондо жабышып үйдөн чыкпай, кудайга жалынып отурмакпыз да, бизди караган киши жок деп. Оң айтса тескери кылабыз да негизи
+20
filis
2020-04-05 15:12:18
Тенирибиз колдосун. Тенирибиз ыраазы болсун.
-17
leilekstan_1987
2020-04-05 15:26:28
filis,тениринер Арстан алай экоондон раазы боло берсин
-1
Bolunbo.kyrgyz
2020-04-06 07:44:34
filis, силерди Ким мынча кыйнап койду экен же батыштын акчасын жеп алдын беле? Эгер ошондой болсо айтып кой биз да жейли озун эле жеп алып тенир пенир дей бербей
0
ferum96
2020-04-05 16:22:16
Аллах оз ырахматына алып, Бейиштен орун берсин. А жакындарына ден соолук жана сабыр
+6
MARAT.OZGON
2020-04-05 16:40:15
80 жаштагы киши коронавирус менен ооруп калып каза болду дейт башка сайттар да жүрөгу кармап калды дейт кимисине ишенсе болот
0
Usow
2020-04-05 17:14:24
Эмнеси болсо да ажалы жетип каза болуптур ошол, мынча олгон кишинин артынан талкууну катуу кыласынар.
+2
Avrora2017
2020-04-05 21:31:08
Usow,oshoda kak budto kishi olboi jurgonsup, bir kundo kancha kishi olot kyrgyzstanda bez coronavirusa interesno statistika bouncha?
0
NUR-01
2020-04-05 17:19:58
Аллах жайын жанатан кылсын
+1
filis
2020-04-05 18:38:59
Ооо Жараткан касиеттуу Тенирим. Элиме тынчылык бере кор. Элимди колдой кор.
-5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан