Бүгүн, 27-декабрдан баштап Нарын облусунун Жумгал районундагы Кара-Кече көмүр кенинде кесек көмүр берүү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу "Кыргыз көмүр" ишканасынан маалымдашты.
Ишканадан маалымдашкандай, 10-январга чейин көмүрдүн жаңы катмарын ачуу жана тазалоо иштери жүргүзүлөт.
"Кайрадан кесек көмүр берүү 2022-жылдын 10-январынан баштап берилет. Ал эми ЖЭБге көмүр токтоосуз берилет", - деп билдиришти мекемеден.
Эске сала кетсек, быйыл 4 айдын ичинде (сентябрь-декабрь) жарым миллион тонна көмүр казылып чыгарылды.