Жаңы салык кодексине нааразы болгон ишкерлер өкмөт үйүнүн алдында митинг өткөрүштү.
Ага 50дөй адам катышты. Алар ишке кире турган жаңы салык кодексин өтө чийки экендигин айтып, артка кайтарууну талап кылууда. Бул мыйзамды артка кайтарууну президент Садыр Жапаровдон талап кылышып, аны аткарууга 2 күндүк мөөнөт беришти.
Кийин алар менен жолугууга чыккан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Арзыбек Кожошевге талаптары жазылган кайрылууну тапшырып тарап кетишти.