"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Бишкектен Ошко учактар коюу тумандан улам учпай жатат" дешти аэропорттон

SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Бишкек шаарынын тургуну кайрылып, Бишкектен Ошко учактар учпай жатканын айтты.

Бул маселе боюнча "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматына байланышканыбызда төмөнкүлөрдү билдиришти.

"Ош" эл аралык аэропортунда бүгүн, 27-декабрда саат 08:00дөн тарта коюу туман байкалууда. Аба ырайынын начардыгынан улам бир нече каттамдардын учуп кетүүсү жана учуп келүүсү кармалууда.

Алсак, Бишкектеги кошумча аэродромго 2 учак конду – Москвадан "Аэрофлот" жана Челябинскиден "Уральские авиалинии". Ошондой эле ички каттамдары да кармалууда.

Аба каттамдары боюнча маалыматты "Манас" жана "Ош" аэропортторунан төмөнкү номерлер аркылуу тактап алсаңыздар болот:

"Манас" - 0 312 693109

"Ош" - 0 3222 90101

Урматтуу жүргүнчүлөр жана коноктор, түшүнүү менен кабыл алууну суранабыз!" - деп билдиришти маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан