Садыр Жапаров эртең Санкт-Петербургга барат

Өлкө башчы Садыр Жапаров эртең, 28-декабрда Санкт-Петербург шаарына иш сапары менен барып, анын алкагында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) катышуучу-мамлекеттеринин башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышат. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Аталган иш-чарага Беларусь президенти Александр Лукашенконун, Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин, Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин, Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин, Орусиянын президенти Владимир Путиндин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевдин катышуусу күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
AdylbekB84
2021-12-27 13:56:00
Жакшылыкты билбеген, динден чыккан Эмомали менен эркекче отуруп сүйлөшүп келсе болот экен! Ошол дагы барса!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан