Ошто 500 баланын катышуусунда мэрдин балатысы өттү (фото)

Бүгүн, 27-декабрда Ош шаарынын мэринин "Алтын балаты-2022" аттуу жаңы жылдык балатысы болуп өттү. Ага калаадагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, мүмкүнчүлүгү чектелген, ата-энесиз балдар, жакшы окуган окуучулар болуп жалпы 500 бала катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы кабарлады.

"Бул жылдагы мэрдин балатысы өзгөчөлүктөр менен коштолду. Иш-чара Ош улуттук драма театрында өтүп, имараттын коридоруна жомок каармандарынын 3D форматындагы сүрөттөрү коюлган. Майрамдык концертте балдар сүйгөн жомоктордон сахналаштырылган көрүнүштөр көрсөтүлүп, атайын даярдалган ыр-бийлер менен коштолду", - деп билдирди Ош мэриясы.

Мэр Алмаз Мамбетов балдарды жаңы жылы менен куттуктады. Шаар башчы балдардын окууларына ийгилик каалап, ата-энесин сыйлаган, мекенин сүйгөн инсан болгула деген тилегин айтты.

Иш-чаранын алкагында балдарга жаңы жылдык белектер берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан