SUPER.KG чагылдырган бокс боюнча улуттук курама команданын машыгуучу залы жаңыланды. Мышык ыйлагыдай зал мурда кандай эле? (сүрөттөр)

Бишкек шаарында бокс боюнча улуттук курама команда машыгып келген бокс спорт залынын ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик кабарлады.

Иш-чарага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик департаменттин директору Канат Шабданбаев, спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча Дирекциясынын директору Нурлан Исмаилов, бокс федерациясынын президенти Абдибакыт Халмурзаев, бокс боюнча дүйнөнүн 7 жолку чемпиону, СССРдин эмгек сиңирген спорт чебери Орзубек Назаров, машыктыруучулар, спортчулар жана башка коноктор катышты.

"Бул залда Кыргыз өлкөсүнүн көрүнүктүү боксчулары машыгып келген. Азыр да курама команда ушул залда машыгып, эл аралык аренада Кыргыз өлкөсүнүн намысын коргоодо. Бокс күйөрмандарын залдын ачылышы менен куттуктайм. Ошондой эле федерациянын жетекчиси катары Париж Олимпиадасына лицензия алуу үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз деп сөз берем", - деген өз сөзүндө бокс федерациясынын президенти Абдибакыт Халмурзаев.

Сентябрь айында SUPER.KG порталына аталган залда машыгып жүргөн мушкер, бир нече эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү Нурсултан Мойдунов кайрылган. Анда ал бокс залы мышык ыйлагыдай абалда экенин айткан.

Мындан улам SUPER.KG порталы сентябрь айында спорт залдан фоторепортаж жасап келген. Ал эми, Октябрь айында спорт залды оңдоо иштери башталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
elgul4
2021-12-27 21:17:16
Азаматтар, жаркырап калыптыр, болот экенго...
Ийгиликтерди багындырган чемпиондор чыксын...
+3
Antiradikal10
2021-12-27 21:51:17
Айтпаса кылышпайт. Оздору билип кылып коеюн дешпесе...... Суперге рахмат, качан гана которуп чыкканда уялып ондоп чыгыптыр бийлик.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан