Ош облусундагы наркология борбору менен Ош облустук психикалык ден соолук борбору бирикти. Мындай маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинен бүгүн, 27-декабрда кабарлашты.
Белгилүү болгондой, саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Ош облусуна иш сапары менен барды. Анда министр жогоруда аталган медициналык жайлар Ош облустук психиатрия жана наркология борбору болуп бириктирилгенин айтты.
"Ош облустар аралык наркология борбору менен Ош облустук психикалык ден соолук борборунун биригиши кызматкерлер үчүн терс кесепеттерге алып келбейт. Бардык дарыгерлер, медайымдар жана тартип сакчылары ишин уланта беришет. Албетте, бир аз кыскартуу административдик башкаруучу кадрларга таасирин тийгизет, бирок аларга компенсация төлөнөт", - деди министр.
Ошондой эле жыйында жаңы түзүлгөн борбордогу орундардын кыскарбай турганы айтылды. Психиатриялык оорулуулар үчүн 170, баңгилер үчүн 50 орун сакталат.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Кыргыз өлкөсүндөгү эксперттери 2030-жылга чейин саламаттыкты сактоону өнүктүрүү стратегиясында бул кызматтарды бириктирүүнү сунушташат.