Көбү уурулук, алдамчылык фактылары. Пакистандын жарандарына каршы 60тан ашуун кылмыш иши катталган

Чет элдик студенттердин Кыргыз өлкөсүндөгү коопсуздугу боюнча министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун жетекчилиги астында жыйын болду. Жыйын бүгүн, 27-декабрда болгонун министрлер кабинетинен билдиришти.

"Бүгүнкү күндө республиканын аймагында 30 миң 501 чет өлкөлүк жаран билим алууда. Анын 9 миң 285и Пакистандан, 13 миң 404ү Индиядан келгендер. Алардын ар бири биздин жергебизде мейман, элибиздин ортосундагы достуктун көпүрөсү. Ар бир студент мыкты билим гана албастан, өлкөнү жакшы жагынан таанып калышын каалайбыз. Ошондой эле министрлер кабинети ар бир университетте достук коомунун иштешин камсыз кылууну көздөп, ар бир студентке көңүлүн буруп, өлкөбүз тууралуу бай таасир калтырууну көздөйт", - деди Байсалов.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, ушул жылдын 11 айында пакистандык жарандарга каршы 63 кылмыш иши катталып, алардын көбү уурулук жана алдамчылык менен байланышкан.

Жыйында жогорку окуу жайлардын жетекчилиги жана укук коргоо органдары тарабынан профилактикалык иш-чараларды күчөтүү, ошондой эле чет элдик жарандардын республикада жүрүү тартиби боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү милдети айтылды.

Жолугушуунун жыйынтыгында Байсалов чет элдик студенттердин коопсуз өлкөгө келүү маселесин күчөтүлгөн көзөмөлгө алууну тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Bishkek-Kg
2021-12-28 00:03:02
Пактар менен индустаргада айткылада, коомдук жайларда биздин этика, маданияттарды да сактап, сыйлашсын. Мисалы, автобус, же маршрутта жананы алаканаттай ызылдашып сүйлөшүп кетишет, андай жерде кыргызча билишпесе, анда орусча сүйлөшүш керек, же унчукпай кетиш керек. Ошентип тоодон түшкөндөй болуп жүрсө конечно таяк жешетта!!!
+2
salfego
2021-12-28 01:34:55
Bishkek-Kg, а бизде озубуздо этика маданият деген барбы? Балким озубуздон башташыбыз керек? Озубузду маданияттуу алып журсок озголор да маданияттуу болушат!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан