Шайлоочулардын алдын ала тизмеси 5-январга чейин чыгат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтына жарыяланды.
Добуш берүү күнүнө чейин 53 календарлык күн калганда башкача айтканда 2022-жылдын 5-январына чейин округдар, участоктор, райондор жана шаарлар боюнча түзүлгөн шайлоочулардын алдын ала тизмеси www.tizme.gov.kg мамлекеттик порталга жайгаштырылат.
Ошондой эле добуш берүү күнүнө 47 календарлык күн калганда 2022-жылдын 11-январына чейин тиешелүү участоктордо шайлоочулардын алдын ала тизмеси таанышуу үчүн илинет.