Мамлекеттик катчы "Аксакалдардын насааттары" тегерек столуна катышты. Анда дин жана адамдык өнүгүүгө байланышкан маселелер талкууланды

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов "Аксакалдардын насааттары" тегерек столуна катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекеттик катчы тегерек столдун катышуучуларынын алдында сүйлөп жатып аксакалдардын насааттарынын Кыргызстандын жаш мууну үчүн баалуулугун белгиледи.

"Диний ишмерлерибиз менен акскалдарыбыздын бүгүнкү жыйындагы жолугушуусу өтө актуалдуу, алардын кеңештери коомчулук үчүн маанилүү. Анткени бизге алардын кеңештери, сунуштары жана тажрыйбасы керек. Алардын айткандары биз үчүн ыйык", - деп белгиледи Сүйүнбек Касмамбетов.

Иш-чарага ошондой эле мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, диний ишмерлер, профессорлор, дарыгерлер, Кыргызстанда жашаган этникалык топтордун аксакалдары катышты.

Тегерек столдун катышуучулары Кыргыз мамлекетиндеги дин жана адамдык өнүгүүгө байланышкан маселелерди талкуулашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан