"Эч ким инвестиция салууну каалаган эмес". "Ысык-Көл" мейманканасына байланыштуу президенттин иш башкармалыгы билдирүү таратты

"Ысык-Көл" мейманканасына байланыштуу президенттин иш башкармалыгы билдирүү таратты. Бул тууралуу президенттин администрациясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Ысык-Көл" мейманканасы 1984-жылы курулган жана 2007-жылдан тартып колдонулбай калган. Ал кезде толук реконструкция талап кылынган. Имаратты сактап калуу жана эл аралык талаптарга жооп берген заманбап мейманкана катары иштетүү үчүн толук реконструкция кылуу максатында бир нече жыл бою көптөгөн инвесторлор менен, анын ичинде чет элдик дагы сүйлөшүүлөр жүргөн.

Ошондой эле ири мейманкана түйүндөрүнө дагы инвестициялоо сунушталган. Бирок эч ким инвестиция салууну каалаган эмес. Натыйжада 13-14 жыл мейманкана колдонулбай, акырындап бузула берген.

Мамлекеттик мекемелердин дээрлик бардыгынын имараттары өткөн кылымдын 50-жылдарында курулуп, дайыма оңдоо жана реконструкцияны талап кылат.

Анын үстүнө Кыргыз мамлекети эгемендүүлүк алган жылдары мамлекеттик маанидеги бир дагы административдик имарат курулган эмес.

Каражаттарды рационалдуу пайдалануу, унаа жолдорун бошотуу жана борбордун эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу үчүн "Ысык-Көл" мейманканасынын ордуна мамлекеттик маанидеги жаңы административдик комплексти куруу чечими кабыл алынды. Учурда анын максаттуулугу боюнча маселе каралууда.

Бузуу иштерин "Кыргызстройсервис" мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө. Курулуш иштерин президенттин жарлыгы менен жаңы түзүлгөн президенттин иш башкармасына караштуу Социалдык-экономикалык жана административдик объекттерди куруу, реконструкциялоо боюнча мамлекеттик дирекция жүргүзөт", - деп жазылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Antiradikal10
2021-12-29 09:22:32
Жапаров озу кандай тупой болсо, анын даканса басма соз кызматы да дал ошондой тупой экен...

Биринчиден маалымат катары Ысык-кол мейманканасы откон кылымдын 50-жж. эмес, 1984-жылы курулган. Муну менен дээрлик бир убактарда курулган Ак уй, филармония, спорт ордосу, тарых музейи ж.б. коптогон имараттар бузулбай эле иштеп келет.....

0
Antiradikal10
2021-12-29 09:24:02
Экинчиден бул имарат 1993-жылы тарыхый архитектуралык баалуулуктагы имараттардын тизмесине кирген сон, бул имаратты карап козомолдоо мамлекеттин туздон туз милдети болчу. 2007-жылдан бери иштебей турса да, анын жакшы абалда сакталып туруусун бийлик камсыздоосу керек болчу. Бирок бул имарат Жапаров бийликке келген акыркы бир жылдан бери да кароосуз турган. Бул жерде Жапаровдун да куноосу бар.
0
Antiradikal10
2021-12-29 09:27:50
Бул имаратты коргоо учун 2 аскерди болуп кою жетиштуу болчу, смендешип коруй берет эле. Эмне кыйын беле?!

Учунчудон инвестиция салууга эч ким чыгынбады дейт. Бул эмне деген сандырактык, тупизм?! Тыштан инвестиция болбосо бузуп салуу керекпи?! Тыштан инвестиция болбосо мамлекет оз каражаты менен ондоп реконструкциядан откоруу керек эле...

Жаны имаратты мамлекет оз чонтогунон курат дейсинер, ал эми ондоого мамлекет каражат коротууга даяр эмес. Бул эмне деген сандырактык?!
0
Antiradikal10
2021-12-29 09:32:26
Бул имарат тарыхый архитектуралык мурастар тизмесинен чыгарылган дейт. Качан чыгарылган?! Мына жакында эле Жапаровдун жен ичинен буйругу менен чыгара калдынар да тизмеден........

Кыргыз элинин баалууктарын талкалаган вандалдар. Алла Таала жазанарды берет го. Жапаров срогунун аягына чейин иштей албайт. Же кочукко тебилип качат. Же кармалып камалат.... Мына коросунор. Эл озу алып тушот бийликтен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан