Ошто аяз атага кат жазган 15 баланын тилеги орундалды. Аны президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, район акимдери биргеликте аткарышты.
Аталган аймактык мэриядан билдиришкендей, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына Жаңы жылдык майрам уюштурулду. Анда жалпы 15 бала аяз атага кат жазып, ар кандай белектерди сураган.
"Жаңы жыл алдында силердин каалоо-тилектериңердин аткарылышын каалайм. Бүгүн силер сураган белектерди алып келдик. Силерди өлкө башчысы, жергиликтүү бийлик ар дайым колдоого даярбыз", - деди Зиядин Жамалдинов.