Кадамжай райондук ооруканасында кардиология бөлүмү ишке берилди

Баткен облусунун Кадамжай районунда жалпы дарыгерлер практикалык борборундагы кардиологиялык жана кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүү бөлүмдөрү ишке берилди. Бул тууралуу преизиденттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Ачылыш аземине саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев катышты.
"Алгач облус башчысы жана саламаттыкты сактоо министри менен биргеликте аталган борбордун ишмердүүлүгү жана шарттары менен таанышты.
Андан соң ыйгарым укуктуу өкүл Абдикарим Алимбаев жана Алымкадыр Бейшеналиев сөз сүйлөп, мындан ары элдин саламаттыгын сактоо багытындагы иштерди көбөйтүү менен Баткен облусуна өзгөчө көңүл бурулары айтылды.
Кадамжай районундагы аталган борборго Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан ангиография (жүрөк кан тамырларын изилдөөчү) аппаратын тапшырды", - деп билдиришти өкүлчүлүктөн.
Бул бөлүмдөн жарандар кардиолог, акушер гинеколог, хирург травматолог, педиатр жана терапевт дарыгерлеринен медициналык кызмат ала алышат.
Белгилей кетсек, Кадамжай райондук жалпы дарыгерлик практика борбору 200 миңден ашык адамды тейлейт. 18 үй-бүлөлүк тобу 22 ФАП жана 14 бөлүмдөн турат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан