Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 10 миллиард 181 миллион метр кубду түздү

Бүгүн, 30-декабрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 миллиард 181 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 170 метр куб, агып чыгышы 612 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти мекемеден.

Былтыр, 2020-жылдын 30-декабрында Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 12 миллиард 351 миллион метр кубду түзгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан