Өлкөдө баңгизат сатуучулардын эл аралык тобу жок кылынды

Кыргыз өлкөсү жана Казакстандын биргелешкен аракеттеринин жыйынтыгында баңгизат сатуучулардын эл аралык тобу жок кылынды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети менен биргеликте Кыргыз өлкөсүнүн жана Казакстан Республикасынын аймактарында өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенүүчү, чек ара аралык кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалган.

"Алдын ала малыматтарга ылайык, баңгизат каражаттары Тажикстандан Кыргыз өлкөсүнө жана Казакстанга, андан ары кылмышкерлер тарабынан аталган мамлекеттердин аймактарына таркатылган. Кылмыштуу топ бир нече түзүмдүк бөлүнүштөрдөн туруп, алардын функциялары так бөлүштүрүлгөн. Үстүбүздөгү жылдын жай айында башталган атайын операциянын жыйынтыгында, Чүй облусунун аймагынан жогоруда аталган баңгилик топтордун мүчөлөрү кармалып, аларга тинтүү жүргүзүү учурунда Ооганстанда өндүрүлгөн 736 грамм “апийим” жана 4 килограмга жакын “гашиш” баңгизат каражаттары алынган.

Казакстан Республикасынын аймагында мындан аркы биргелешкен иш-чараларды жүргүзүү учурунда баңгилик топтун мүчөсү жана ал топту уюштуруучу Тажикстандын жараны кармалып, андан Ооганстанда өндүрүлгөн 7 килограм 200 грамм “апийим” жана 1 килограм 100 грамм “гашиш” баңгизат каражаттары алынган.

Азыркы учурда кылмыштын бардык катышуучуларын, баңгизаттарды ташып киргизүү каналдарын аныктоого, издөө жарыяланган укукка каршы ишмердүүлүктү уюштуруучуларды кармоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда", - деп жазылган маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bessmertiy
2021-12-31 10:05:18
Жазындагы сүрөтпү? Кылмышкер да опер да футболкачан жүрүшөт го?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан