Ош шаарында 31-декабрь күнү борбордук аянтта “Жаңы жыл - 2022” аталышындагы майрамдык иш-чара өтөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, экинчи борбор калаада Жаңы жылдык концерттик программалар күндүзгү саат 12:00дөн түнкү саат 22:00гө чейин уланат.
Иш-чаралар менен таанышып алыңыздар.
12:00-13:00 – №1 С.Бекмуратов атындагы балдар музыкалык мектебинин концерттик программасы
13:00-14:00 – №2 П.И.Чайковский атындагы искусство мектебинин концерттик программасы
14:00-15:00 – “Келечек” балдар чыгармачылык борборунун концерттик программасы
15:00-16:00 – Ниязалы атындагы мамлекеттик музыкалык окуу жайынын концерттик программасы
16:00-17:00 – Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын мугалимдеринин концерттик программасы
17:00-18:00 – ОшМУнун концерттик программасы
18:00-19:00 – ОшМПУнун концерттик программасы
19:00-20:00 – Ош шаардык маданият башкармалыгынын концерттик программасы
"Саат 20:00дөн тарта мэр Алмаз Мамбетов баштаган жетекчилер элди Жаңы жылы менен аянттан куттуктап, фейерверк менен коштолот. 20:30дан саат 22:00гө чейин жаштар комитети тарабынан даярдалган концерт тартууланып, дискотека уюштурулат. Ош шаарынын тургундарын жана конокторун аянттагы майрамдык шаңга күбө болууга чакырабыз", - деп жазылган маалыматта.