"Жүргүнчүлөрдүн жүрөгү жылып...". Бишкекте жаңы жылга эң креативдүү жасалгаланган троллейбус аныкталды

Бүгүн, 31-декабрь күнү жаңы жылга эң креативдүү жасалгаланган троллейбус аныкталды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жүргүнчүлөргө жагымдуу майрамдык маанай тартуулоо үчүн Бишкек троллейбус башкармалыгынын айдоочулары коомдук транспорттун салонунда өз колдору менен жаңы жылдык жомок жаратышкан.

"Жаркыраган гирляндалар, шарлар, жаңы жылдык балатылар жана троллейбус айдаган Аяз атанын өзү борбор калаада майрамдык маанайды жаратып, жаш жана чоң жүргүнчүлөргө шаар кыдыруу учурунда жагымдуу таасир калтырат.

Мелдешке Депо-1 жана Депо-2 үлгүсүндөгү троллейбустар катышты. Сынактын жыйынтыгы боюнча №6 троллейбустун бригадасы эң компетенттүү жасалга номинациясына ээ болду; "Эң жомоктогудай дизайн" номинациясында №10 троллейбустун экипажы жеңди; "Эң стилдүү дизайн" номинациясында №2 троллейбустун экипажы жеңүүчү деп табылды; "Эң көзгө басар дизайн" номинациясында №7 троллейбустун экипажы жеңди; Элдик сыйлыкка №7 троллейбустун экипажы татыктуу болду", - деп жазылган маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан