Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Жаңы жылы менен куттуктап, куттуктоо телеграммасын жөнөттү.
Маалыматка ылайык, телеграммада өзбек президенти жалпы баалуулуктарга жана жалпы салттарга, көп кылымдык боордоштук мамилелерге жана жакшы коңшулук принциптерине негизделген достук мамилелердин акыркы жылдары бардык артыкчылыктуу багыттар боюнча жигердүү өнүгүп жатканына абдан кубанычта экендигин жазган.
"Сиздин жетекчилигиңиз астында 2021-жылы Кыргыз өлкөсүндө жүргүзүлгөн бир катар саясий жана парламенттик реформалар өлкөңүздүн өнүгүүсүн камсыз кылууда маанилүү практикалык кадамдар болуп калганын белгилегим келет.
Ушул жылдын мартында Өзбекстанга мамлекеттик сапарыңыздын алкагында сиз менен болгон сүйлөшүүлөр эки тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди жаңы деңгээлге алып чыкты деп терең ишенем", - деп жазылган куттуктоо телеграммасында.
Шавкат Мирзийоев Садыр Жапаровго чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана жооптуу ишмердигинде чоң ийгиликтерди, ал эми боордош кыргыз элине тынчтык, бакубаттуулук жана өнүгүү каалаган.