Бүгүн, 31-декабрда Бишкек шаардык мэриясы тарабынан уюштурулуп жаткан Жаңы жылдык майрамдык иш-чара "Ала-Тоо" аянтында саат 19:30дан, 24:00гө чейин болмокчу. Концертке белгилүү маданият ишмерлери, шоу-бизнес өкүлдөрү элге жагымдуу маанай тартуулайт.
Учурда кечки майрамдык иш-чарага кызуу даярдыктар жүрүүдө. "Ала-Тоо" аянтына чогулган элдин саны саат сайын көбөйүүдө.