Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү: "Чек арачылардын ыңгайлуу шартта жашоосун камсыз кылуу боюнча жигердүү иш-аракеттер жасалат"

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Баткен районунун аймагында жайгашкан “Тамдык” чек ара заставасынын чек арачыларын, жаңы жыл майрамдары менен куттуктоо үчүн барды. Бул тууралуу Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ыйгарым укуктуу өкүл Баткен районунун Ак-Сай постунда жана Капчыгай чек ара заставасында турган чек арачыларды жана Улуттук Гвардиянын "Головной" участкасында кызмат өтөгөн жоокерлерди да куттуктап, белектерин тапшырган.
"Ыйгарым укуктуу өкүл өз сөзүндө, “Мекендин тынчтыгы, коопсуздугу үчүн чек арада, эң алыста, шарты катаал аймакта кызмат өтөп жатканыңардын өзү эле чоң эрдик, ал эми аймактын кооптуулугун эске алсак, өз өмүрүңөрдү, ден соолугуңарды аябай ыйык милдетиңерди чыдамкайлык менен аткарып, чек араны бекем коргоп турасыңар. Бул үчүн өзүмдүн жана жалпы элибиздин атынан силерге терең ыраазычылык билдирем. Силердин күжүрмөн аракетиңер менен бүгүн ар бир үй-бүлө бактылуу” деп чек арачыларга бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана жооптуу кызматтарында ийгиликтерди каалады.
Алимбаев заставанын жана посттун шарттары менен да таанышып чыгып, чек арачылардын ыңгайлуу шартта жашоосун камсыз кылуу боюнча жигердүү иш-аракеттер жасаларын белгиледи", - деп жазылган маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан