Орусиянын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Жаңы жылы менен куттуктады

Орусиянын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин президент Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Жаңы жылы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Узап бараткан жылы достук, союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк принциптерине негизделген орус-кыргыз мамилелери динамикалуу өнүктү. Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө өз ара аракеттенүү бекемделди. Энергетика, өнөр-жай жана айыл чарба тармагында биргелешкен долбоорлор ишке ашырылды.

2022-жыл өз ара пайдалуу кызматташтыктын бардык комплексин өстүрүү жана келечектүү демилгелерди баштоо үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат деп ишенем. Бул Орусия Федерациясынын жана Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына толук жооп берет", - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Михаил Мишустин Садыр Жапаровго чың ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми Кыргыз өлкөсүнүн бардык жарандарына бакыт жана гүлдөп өнүгүү каалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Djumahmatov
2021-12-31 20:42:08
Орустар Садырды жактырбай мамиле кылбай жатышты эле Эрдогандан чочулап пөйпөңдөгөндөй болуп жатышкандай акыркы убакыттарда
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан