ЖККУнун башкы катчысы Станислав Зась президент Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Жаңы жылы менен куттуктады.
"Өтүп жаткан жылы Кыргыз Республикасы мамлекеттик эгемендүүлүктүн 30 жылдыгын майрамдоо менен социалдык-экономикалык өнүгүүдө ири ийгиликтерге жетишти жана эл аралык аренадагы позициясын бир топ чыңдады.
Биз Кыргыз өлкөсүнүн евразиялык мейкиндигинде тынчтыкты жана туруктуулукту чыңдоодогу ролун, ошондой эле ЖККУга мүчө-мамлекеттердин союздаштык мамилелеринин натыйжалуулугун арттырууга сиздин жеке салымыңызды жогору баалайбыз.
Жамааттык коопсуздук келишимине кол коюлгандыгынын 30 жылдыгында жана уюмдун 20 жылдыгынын алкагында мамлекеттерибиздин ортосундагы конструктивдүү кызматташтыкты тереңдетүү багыты улана берерине ишенем", - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.
Станислав Зас Садыр Жапаровго чың ден соолук жана жооптуу ишиңе ийгиликтерди, ал эми кыргыз элине тынчтык жана өсүп-өнүгүүнү каалады.