"Жаңы жылыңыздар менен". Сооронбай Жээнбеков ар бир үйгө жакшылык, кубанычтарды каалады

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз журтчулугун кирип келген Жолборс жылы менен куттуктады. Ал өлкө өнүгүү жолунан кайтпаса деген изги тилеги менен бирге элге бейкутчулук каалады.
"Сиздерди Жаңы жылыңыздар менен куттуктайм!
Жаңы 2022-жыл тынчтыктын, ынтымактын, молчулуктун, ийгиликтин жылы болсун! Жараткан касиеттүү Кыргыз жерибизди, кеменгер кыргыз элибизди бөөдө кырсыктан, оору-сыркоодон, жамандыктан сактасын.
Мамлекетибиз өнүгүп-өсүү жолунан кайтпай, туруктуу алдыга жыла беришине тилектешмин!
Ар бир үйгө жакшылык, кубанычтарды каалайм", - деп айтылат куттуктоодо.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
EddieNigma
2022-01-01 01:51:19
Рахмат, урматтуу президент Сооронбай Шарипович. Сиздин дагы жаңы жылыңыз менен.
+12
algakaray
2022-01-01 03:17:58
Мурунку президенттер эчтеке болбогондой куттукташып атышат го
-13
suban78
2022-01-01 07:50:13
Айтканыныз келсин, Кыргызстаныбызда тынччылык, молчулук, жакшылыктар болсун урматтуу Сооронбай Шарипович.
Садыр Жапаровду колдойсуз деген умуттомун.
+10
odin-takoy
2022-01-01 11:30:52
Рахмат Сооронбай Шарипович сизге ден-соолук узун омур
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан