
Жогорку Кеңештин төрагасы
Талант Мамытов кыргыз элин Жаңы жылы менен куттуктап, Жолборс жылында өсүп-өнүгүүлөр болсун дейт.
"Урматтуу мекендештер! Сиздерди Жогорку Кеӊештин жана жеке өзүмдүн атымдан кирип келген жаӊы жылыӊыздар менен чын дилимден куттуктайм!
Бул күн жакшы тилектерге толгон, бардык адамзатты аруу үмүттөргө чулгаган куттуу майрам.
Өтүп бара жаткан жылда Кыргыз жергесинде чоң окуялар менен катар олуттуу жаңылыктар болду. Баш мыйзамыбыз алмашып, башкаруу системасы өзгөрдү. Президенттик шайлоо өтүп, ири саясий реформалар ишке ашты. Элге эркин тандоо укугу берилип, парламенттин депутаттары да жаңы ыкма менен тандалды. Натыйжада 90 депутаттан турган Жогорку Кеңештин VII чакырылышы жаңы жылды утурлай ишибизди баштадык. Андыктан алдыбызда чоң максаттар турат. Аларды жүзөгө ашыруу үчүн талыкпай эмгектенип, изденип иш алып баруубуз кажет.
Албетте, COVID-19 пандемиясына жана башка кырдаалдарга байланышкан көйгөйлөргө карабай, экономикалык жаатта да жылыштар бар. Туруктуу өнүгүүгө жана калктын турмушун жакшыртууга багытталган долбоорлор колдоого алынып, тийиштүү реформалар жасалууда. Анын ичинен тоо-кен тармагынан түшкөн кирешелерди көбөйтүүгө жана "Кумтөр" кенин кыргыз элинин кызыкчылыгына ылайык иштөөсүн камсыздоого жетиштик.
Кымбаттуу мекендештер! Жаӊы жылдын босогосунда туруп, жалпы кыргыз журтчулугуна ынтымак жана биримдик каалайм. Ааламдашуу доорунда өнүккөн мамлекеттердин улуу көчүнө кошулуу үчүн Кыргыз өлкөсүнө тынчтык жана туруктуулук керек.
Дагы бир жолу жаркырап кирип келген 2022-жаңы жылыңыздар менен куттуктайм! Ар бириңиздерге ден соолук, бакубат жашоо жана майрамдык маанай каалайм. 2022-жыл өлкөбүз үчүн жаӊылануунун жана ырыс-куттун жылы болсун!", - деп айтылат куттуктоодо.