Ош шаарынын борбордук аянтында жаңы жыл майрамы белгиленип, 10 миңден ашык адам катышты. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шаар мэри Алмаз Мамбетов он миңдеген жарандар менен жаңы жылды аянттан тосуп, калаа тургундарын жана конокторун куттуктады.
"Иш-чарага президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков да катышты.
Майрам фейерверктер менен коштолуп, концерттик программалар тартууланды", - деп жазылат маалыматта.