31-декабрда "Ала-Тоо" аянтында өзгөчө кырдаалдар катталган жок. Мындай маалыматты ӨКМнын маалымат кызматынан таратышты.
Ага ылайык, ӨКМ өрткө каршы күрөшүү кызматы күчөтүлгөн тартипте иш алып барышты.
"Ала-Тоо" аянтында ӨКМнын Бишкек шаардык башкармалыгынын 3 өздүк курамы абалды көзөмөлгө алып, жарандарга өрт коопсуздук эрежелерин сактоону жана балдарды көзөмөлсүз калтырбоону эскертишти.
Аянтта өзгөчө кырдаалдар катталган жок", - деп билдиришти ӨКМдан.