Бир катар мамлекеттик органдардын кызматкерлерине, маданият тармагынын өкүлдөрүнө "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси жана министрликтин Ардак грамоталары тапшырылды. Бул тууралуу Маданият, мааалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, иш-чара 31-декабрда Улуттук тарых музейинде маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкуловдун катышуусунда өттү.
Министр өз куттуктоосунда бардык сыйлангандарды жалпы маданият тармагынын өнүгүп өсүшүнө жана сакталышына кошуп жаткан салымы зор экенин белгилеп, чыгармачылык ийгилик, бекем ден соолук жана бакубат жашоо каалады.