Ысык-Көл облусунда Жаңы жыл майрамы тынч жана коомдук тартип бузулган жок. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Мекеменин маалыматына ылайык, майрамдык иш-чаралар өткөрүлгөн бардык коомдук жайлар милиция кызматкерлери тарабынан кылдаттык менен кайтарылган.
"31-декабрдан 1-январга караган түнү облус аймагын 700гө жакын милиция кызматкерлери жана ыктыярдуу элдик кошуундардын 100дөн ашуун өкүлдөрү камсыз кылышты. Массалык иш-чаралар өткөрүлгөн жерлерде өзгөчө кырдаал жана коомдук тартипти одоно бузуу фактылары катталган жок.
Облустун ички иштер бөлүмдөрүнүн нөөмөт бөлүмдөрүнө кылмыштар жана окуялар боюнча 19 билдирүү келип түшкөн. Жол кырсыгынын 4 фактысы катталып, анда негизинен материалдык чыгым келтирилген. Милиция кызматкерлеринин көрүлгөн иш-аракеттеринен улам мурда катталган 4 кылмыштын бети ачылган.
Учурда Ысык-Көл облусунун аймагында кырдаал туруктуу", - деп жазылат маалыматта.