Жаза аткаруу кызматы 2021-жылдагы ишинин жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Жазаларды аткаруу кызматынын 2021-жылдагы ыкчам-финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыгында жыл ичинде мекемелерден 126 килограмм 660 грамм ар кандай баңгизаттар алынган. Тиешелүү профилактикалык иш-чаралардын алкагында соттолгон 10 адам диний-экстремисттик жана террористтик агымдардын идеяларынан баш тартышкан. ИИМ менен биргелешип жүргүзүлгөн «Качкын» аталышындагы атайын иш-чаранын жыйынтыгында издөөдө жүргөн 89 жаран кармалган, алардын 44ү издөөдө жүргөн.
2021-жылга карата кызматтык ишинин жыйынтыгы боюнча «Мыкты оперативдүү кызматкер», «Режимдин жана көзөмөлдүн мыкты кызматкери» жана башка номинациялар боюнча мыкты кызматкерлер аныкталып, тиешелүү наамдары менен сыйланышты.
2021-жылга карата социалдык иштер мекемелердин социалдык кызматкерлеринин отчёттук көрсөткүчтөрү боюнча өткөн жылдарга салыштырмалуу канааттандырарлык деңгээлде аткарылды.