Бишкекте "Империя пицца" кафесинде эс алып жаткан балдар милиция кызматкерлерине кол салды

Бишкектеги "Империя пицца" кафесинде эс алып жаткан жарандар милиция кызматкерлерине кол салды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 1-январь күнү болгон Аламүдүн-1 кичи районунда орун алган.

"Таңкы саат 06:00 чамасында милициянын нөөмөт бөлүмүнө билдирүү келип түшүп, жерине кызматкерлер барган. Эки тарап болуп мушташып жаткан балдарды токтотуу аракет көргөн милиция кызматкерлерине балдар кол көтөргөн. Алар өздөрүн агрессивдүү көрсөтүп, кызматкерлерге баш ийбей, алардын формаларын айрып салышкан.

Жерине кошумча Аламүдүн жана Чүй ОИИББинин кызматкерлери барып, мушташып жаткан балдарды РИИБге алып келишкен. Алар жолдо кызматтык унаанын терезесин талкалашкан. Алар; 1995-жылы туулган Ж.Н., Я.А., 1997-жылы туулган С.А. жана 1998-жылы туулган Т.М. аттуу жарандар. Аларга бир канча айып тагылып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Райондук сот алардын баш коргоо чарасын карап чыгып үй камагына чыгарган.

Ошондой эле алар мушташ убагында мас абалында болушкан.

Учурда кылмыш иши козголуп, териштирүү иштери жүрүүдө", - деп билдирет басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Simels
2022-01-03 01:19:48
Эмнеге үй камагына чыгарат? Милиция кызматкерине кол көтөрүү бул уголовный ишда.
+6
suban78
2022-01-03 03:38:11
Арактын кесепети да. Жакшы эле, тарбия коргон балдар болсо керек, арак коп ичип алышкан окшойт. Коп ичпеген балдар ичип алса ошондой болуп калат.
-2
Dembele84
2022-01-03 06:09:39
Башка маалда Бишкектеги кафелердин биринде деп жазчу эленер,мунусунда ИМПЕРИЯ ПИЦЦА-деп даана жазыпсынар го,после отравление дагы шум кылайын депсинер да
+4
Tursunbaev1978
2022-01-03 06:27:38
Мажорлорда,карапайымдын баласы болгондо камалат эле,милицияга кол көтөрсө
+3
SHAHDAR
2022-01-03 08:47:27
Закондун иштебегени, чындыкты айткандарды артынан кубалап журуп камашат. Катардагы жаран мындайга барбайт болчу, барса дагы эмдигичекти соттолуп кетмек
+3
XATSAN125
2022-01-07 18:09:31
Ичкиле дагы пиццадан закуска кылгыла анан менттер менен мушташып эненердин эки тоюн коргуло эми
0
Nurlan90
2022-01-08 23:40:43
Неге уй камагына чыгат.Явно эле чондордун балдары!!!
0
Birimdik5555
2022-01-27 11:02:01
Ушул макаланар бир айдан бери турат
+1
Shekeev969798
2022-01-31 03:00:15
Birimdik5555,Точно
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан